Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн 2,4 млн. сом чогулду

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ӨКМ учактын кулашынан жапа чеккендерге жардам көрсөтүү максатында атайын эсеп ачкан.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. ӨКМдин атайын эсебине эки миллион сомдон ашуун каражат түшкөнүн аталган министрлик билдирди.

Шейшемби күнү ӨКМ учактын кыйрашынан жабыркагандарга каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачкан.

"Бүгүн саат 13.00гө карата эсепке 2 миллион 395 миң 659 сом чогулду. Акча дагы деле түшүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бизнес коомчулук, жеке тараптар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы төмөнкү реквизиттер аркылуу каражат которо алышат: 

  • Эсеп номери 4407012100007868 
  • КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы 
  • БИК 440001 
  • Эсеп коду 14238900 

Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат. 

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан үй-жайсыз калган 4 үй-бүлө "Семетей" мейманканасында жашап жатат
Мындан тышкары, ӨКМ атайын эсепке министрликтин финансыны башкаруу жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Эргешов жоопкер экенин белгиледи. Аны менен 0770 022 022, (0312) 54 79 01 телефондору аркылуу байланышууга болот. 

2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө саат таңкы 7:18де кулаган. Кырсыктан 38 кишинин көз жумуп, 16 киши жабыркаган. 17-январь Кыргызстанда аза күнү деп жарыяланган. 

Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери иликтеп жатат.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0