Ошто сойкулук менен алектенген кош бойлуу келин кармалды

© Фото / Pexels/ freestocks.orgКош бойлуу аял. Архив
Кош бойлуу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын эң улуусу 38 жашта болсо, эң кичүүсү 25 жашта.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ош шаарындагы рейд учурунда сойкулук кызмат көрсөтүп жүргөн 14 кыз кармалды. Алардын арасында кош бойлуу аял жана сүйлөбөгөн кыз бар. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Айнектин артында турган кыздын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Түркияда мекендештери тарабынан кордолгон кыргыз кыз "туткундан" бошотулду
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери прокуратура менен макулдашып, бекитилген иш план боюнча Ош шаарынын аймагында сойкулукка каршы рейд жүргүзгөн. 

Анын натыйжасында кардар күтүп турган 14 кыз тартип сакчылары тарабынан кармалды. 

Кармалгандардын эң улуусу 38 жашта болсо, эң кичүүсү 25 жашта. Биринин сегиз айлык боюнда бар экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0