Кара-Балтада футбол мелдеши бычакташуу менен аяктады

© flickr.com / S S.Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оюн талаасына шаардагы эки футбол командасы чыккан.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кара-Балтада футбол оюну бычакташуу менен аяктаганын Чүй ОИИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, беттешүү шаар менен чектешкен Алексеевка айылынын мини-футбол талаасында өткөн.

"15-январда жергиликтүү ооруканага бычакталган жигит келип түшкөн. Чырдашуу болжол менен кечки жетилерде болгон. Белгисиз адамдар жабырлануучуну сабап, андан кийин санга бычак уруп кетишкен", — деп айтылат билдирүүдө.

Окуяга күбө болгон жаран Sputnik Кыргызстан агенттигине мелдеш Кара-Балтанын эки районунун арасында болгонун айтып берди.

"Абал "Оторбай" командасынын жеңишинен кийин курчуп кетти. Команданын эки мүчөсү утулган топтун оюнчусу менен айтыша кетип, андан кийин талаадан сыртка чыгышкан. Мушташ башталып, ага дагы бир нече киши кошулуп кетти. Бир маалда уруш чыгаргандардын бири бычак алып, атаандашын сайып салды", — деди ал.

Милиция аталган окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Ден соолукка атайылап зыян келтирүү" фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди. Издөө иштеринин натыйжасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары милициянын каттосунда турган 25 жана 29 жаштагы эки жаран кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0