Петровка айылындагы абакта түндө ок атылды

Жазылуу
Окуядан кийин колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар текшерилип, алардын жанынан сырттан ыргытылган буюмдар табылган эмес.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү саат 00.10до Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясынын тосмосунан анын ичине буюмдарды ыргытууга аракет кылган жарандарды байкаган күзөтчү асманга эскертүү иретинде ок чыгарган. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

"Мекеменин жана атайын бөлүктүн кызматкерлери айгай боюнча көтөрүлгөн. Өз ара кызматташуу планына ылайык маалымат Москва РИИБине дагы берилген. Эреже бузган жарандын артынан куушуп, бирок ал из жашырууга үлгүргөн", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар текшерилип, алардын жанынан сырттан ыргытылган буюмдар табылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0