УКМК: террорчулукту каржылоону көздөгөн уюшкан топтон жасалма 56 миң доллар алынды

© AFP / LUIS ROBAYOСлучаи подделки долларов в Колумбии
Случаи подделки долларов в Колумбии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган эки жаран чет элдик болуп чыкты. Жасалма 56 миң доллар жогорку технологияда даярдалып, Түркиядан алып келингени белгилүү болду.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстанда терроризмди каржылоону көздөөгө шектелген топ өлкөгө Түркиядан жасалма 56 миң доллар алып кирген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, чет элдик эки жаран Чүй өрөөнүнөн кармалган.

"Тергөө иш-чараларынын негизинд, жасалма доллар жогорку технологияда даярдалып Түркиядан алып келингени белгилүү болду. Ыкчам маалыматтар боюнча акчанын жасалышына жана үчүнчү мамлекеттерге жиберилишине учурда Стамбулда жашап жүргөн кыргыз жарандары Ильяс Сабиров менен Мансур Сувановдун катыштыгы болушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Ильяс Сабиров Бишкектеги Кытай элчилигинин имаратына кол салууга катыштыгы бар деп айыпталып, Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Аталган факт боюнча УКМК Кылмыш жаза кодексинин 198-беренесинин 2-бөлүмү боюнча (акча жасоо, сактоо) кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0