Өзгөндүк жигит ата-энесин өлтүрүүгө эмне себеп болгонун айтып берди

Жазылуу
Шектүү жигит атасын башка чөөгүн менен чаап, энесине ысык суу чачканын айтып берди. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында 22 жаштагы бала аны асырап алган апасы менен атасын уруп өлтүрүүгө шектелип кармалды. Ал өз күнөөсүн танбастан мойнуна алып, эмне себептен ушундай кадамга барганын айтып берди.

"Ошол күнү досум менен кечинде сыртта сүйлөшүп тургам. Үйгө кирсем атам урушуп "каякта жүрөсүң" деп жемелей баштады. Камчы менен уруп, тээп, үйдөн кубалап чыкты. "Сен жетимсиң, сени баккандан көрө итти бакканым артык" деп айтты. Кечирим сурасам да болбой ура бергенинен чөөгүн менен башка урдум. Апамдын үстүнө кайнап жаткан ысык сууну чачып, андан соң ошол эле чөөгүн менен чаптым", — деди шектүү.

Агасын өлтүрдү деген жаран окуянын кандай болгонун айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Агасын өлтүрдү деген жаран окуянын кандай болгонун айтып берди
Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Данияр Сабиров окуя үстүбүздөгү жылдын 10-январында болгонун айтты.

"Үй-бүлөдө пикир келишпестиктен улам чыр чыгып Т.М. аттуу жаран 63 жаштагы атасы менен 56 жаштагы энесин башка уруп өлтүрүп койгон", — деп билдирди Сабиров.

Баткенге качууга аракеттенген шектүү Ош шаарынан кармалган. Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми шектүү Өзгөн райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0