5-кабаттан секирген окуучунун өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда милиция окуучу баланын социалдык тармактардагы баракчаларын жана анын жоро-жолдошторун текшерүүдө.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Чыгыш-5 кичи районунда болгон окуучунун өлүмү боюнча "Өзүн өлтүрүүгө жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 1-февралда 8-класстын окуучусу 5-кабаттагы үйүнүн терезесинен секирип кеткен

Иликтөөнү Свердлов РИИБи алып барат. Учурда милиция окуучу баланын социалдык тармактардагы баракчаларын жана анын жоро-жолдошторун текшерүүдө.

Иш кийин Бишкек ШИИБдин кызматкерлерине тапшырылышы мүмкүн. Суицид боюнча тийиштүү экспертизанын баары дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0