Бишкекте журналистке кыздай кийинген эркектер кол салып, камерасын талкалап салды

© AFP / PAU BARRENAКонкурс красоты в Корнелья-де-Льобрегат
Конкурс красоты в Корнелья-де-Льобрегат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыгармачыл топко кол салган адамдар учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери башталды.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Журналист Азият Жекшеевге иш учурунда кызча кийинген эркектер кол салып, видеокамерасын талкалап салган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине журналист өзү кабарлады.

Анын айтымында, окуя бүгүн, болжол менен таңкы саат 03:30дар чамасында катталган.

"Биздин чыгармачыл топко борбор калаадагы кафелердин бириндеги кароолчуларга бирөөлөр кол салып жатат деген билдирүү түшкөн. Ал жерге барып окуяны тарта баштаганыбызда жынысы белгисиз адамдар бизге кол салып, камерабызды жулуп качып талкалап салганга үлгүрүштү. Камерабыз толугу менен жараксыз болуп калды. Окуя болгон жерден дароо милиция кызматкерлерин чакырып, аларды алып кетишкен. Кармалган адамдар каршылык көрсөтүп жатып, милиция кызматкерлеринин унаасынын терезесин да талкалап салышты", — деди Жекшеев.

Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: жаакка ок жеген кишини тоноп да кетишти
Ал эми Бишкек ШИИБ маалымат катчысы Олжобай Казабаев учурда кармалган адамдар камакта экенин тастыктады.

"Окуя "Азамат" деген кафеде болгон. Анда журналистке жана анын жанындагы операторуна кызча кийинип алган эркектер кол салып камерасын талкалап салган. Кармалган үч бала Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып келинип, 94-берене менен убактылуу кармоочу жайга камалды", — деди Казабаев.

Ал кошумчалагандай, кармалган адамдар эч кандай спирт ичимдигин ичкен эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0