Баткенде күчү 5,5 баллга жеткен жер титиреди

© AFP / NICOLAS ASFOURIСлучаи землетрясения в Кыргызстане
Случаи землетрясения в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнү Ош шаарынын тургундары да сезгенин социалдык тармактарга жазышты.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Баткенде күчү 5,5 баллга жеткен жер титирегенин Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө саат 10.36да катталган. Сейсмикалык мониторинг сайтындагы маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында болгон.

Ал эми Абдрахматов жер титирөө 10 чакырым тереңдикте болуп, күчү Баткен шаарында 5,5 баллга чейин жеткенин кошумчалады.

"Топурак үйлөрдө жарака кетиши мүмкүн. Азырынча толук маалымат жок", — деди Абдрахматов.

Жер титирөөнү Ош шаарынын тургундары да сезгенин социалдык тармактарга жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0