Ошто кылмышка шектүү сот залынан качып кетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүСледственный изолятор № 2 "Бутырская тюрьма"
Следственный изолятор № 2 Бутырская тюрьма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында 4-февраль күнү саат 03.00дөр чамасында шектүү Араван районундагы тууганынын үйүнөн кармалды.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Ошто 42 жаштагы соттолуучу сот залынан качып кеткенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 3-февраль күнү кечинде болгон.

"Шектүүнү күндүз сотко алып кетишкен. Аны тергөө абагына 19.00дө алып келүүлөрү керек эле. Бирок 21.00дөр чамасында качып кеткендиги маалым болду. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракетинин натыйжасында 4-февраль күнү саат 03.00дөр чамасында шектүү Араван районундагы тууганынын үйүнөн кармалды", — деп жазылат маалыматта.

Учурда соттолуучу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аны качырып жиберген милиция кызматкерлерине карата тергөө иштери жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0