Ташкентте Manas рестораны өрттөнүп жатат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүСотрудники пожарной службы во время тушения возгорания. Архивное фото
Сотрудники пожарной службы во время тушения возгорания. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Имарат борбор калаанын Усман Насир көчөсүндө жайгашкан.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында Manas ресторанынын имараты күйүп жатканын, жашоочулардын айтуусу боюнча кырсык жардыруудан кийин башталганын Sputnik Өзбекстан агенттиги билдирди. 

Пожар в ресторане Manas в Ташкенте
Пожар в ресторане Manas в Ташкенте - Sputnik Кыргызстан
Пожар в ресторане Manas в Ташкенте

Ал арада Өзбекстан ИИМинин өрт коопсуздугу башкармалыгы жардыруу тууралуу маалыматты четке какты.

Өрт 11.31де чектелгени менен толук өчүрүлө элек. Аталган жер кара түтүнгө чулганып турат.

​Ресторандын сайтында имаратка кирериң менен "Кыргызстандын байыркы жашоосуна" сүңгүп кирүүгө болору жазылган.

"Манас" — боз үйдө эс алып, кыргыз улуттук тамактарын даамдай турган Ташкенттеги жападан жалгыз арт-ресторан болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0