Казакстанда полиция кызматкерине каршылык көрсөткөн кыргыз жараны камакка алынды

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүШектүүлөрдү кармоо. Архив
Шектүүлөрдү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шымкентте полиция кызматкерлерине кол салган эки адамдын бирөө кыргызстандык болуп чыкты.

БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Шымкент шаарында полиция кызматкерине кол салгандыгы үчүн Кыргызстандын жараны менен жергиликтүү тургун кармалгандыгын Түштүк-Казакстан облустук полициясынын маалыматына таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

10-февраль күнү саат 00.30да Шымкент ИИБинин Аль-Фараби пунктуна полиция кызматкерлерине жарандардын каршылык көрсөткөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Билдирмеге караганда, Кунаев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде Жол кайгуул кызматы жол эрежесин бузган BMW үглүсүндөгү унаанын айдоочусуна токтоону буйрук кылган.

"Буйрукту аткарбаган айдоочу качып кетүүгө аракет кылып жол кырсыгына кабылды. Укук коргоо кызматкерлери аны кармоого аракет кылганда, жанындагы жүргүнчүсү экөө каршылык көрсөтүп, полиция кызматкерлеринин ден соолугуна залака тийгизген. Унаанын айдоочусу 1991-жылы туулган жергиликтүү тургун болсо, жүргүнчүсү 1990-жылкы Кыргызстандын жараны болуп чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Казакстандын Кылмыш жаза кодексинин 380-беренеси (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) боюнча каттоого алынып, кармалгандар камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0