Бишкекте денесин сатып иштеген төрт аял кармалды

© AFP / VALERY HACHEПроблема проституции во Франции
Проблема проституции во Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Секс-жумушчуларын иштеткен жайдын 28 жаштагы администратору кошо кармалган.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Пушкин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде сойкулук менен алектенген төрт аял кармалганын Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, алар Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тургундары болуп чыккан.

Секс-жумушчуларын иштеткен жайдын 28 жаштагы администратору кошо кармалган. Учурда ага карата Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук кылууга тартуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0