Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун 31 жаштагы мүчөсү кармалды

© AFP / NOEL CELISКол кишенчен адамдын архивдик сүротү
Кол кишенчен адамдын архивдик сүротү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаанын ичинен тапанча жана шектүү жарандын чөнтөгүнөн баңгизаты чыккан.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Бишкектен кармалганын шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Незаконное использования огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги темир жол вокзалы жактан тапанча алып жүргөн киши кармалды
Талас облусунун 31 жаштагы тургунун Бишкек ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери кармаган.

Милиция кызматкерлери борбор калаадагы Скрябин атындагы көчөдөгү үйлөрдүн биринин маңдайында турган BMW-735 үлгүсүндөгү машинаны тинтүүгө алышкан. Анын ичинен Макаров үлгүсүндөгү тапанча төрт огу менен табылган. Ошондой эле кармалган жарандын чөнтөгүнөн 7 грамм нашаа табылган.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0