Баткенде күчү 4 баллга жеткен жер титиреди

© Фото / Медербек НиязалиевБаткен шаары. Архив
Баткен шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Баткен районунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтуна шилтеме жасап Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү 14-февралда саат 20:46 чамасында байкалган. Мында Булак-Башы, Бужум менен Кара-Булак айылдарында 3-3,5 балл жана Баткен шаарында 3 балл болуп сезилген.

Кыйроолор жана жабыркагандар катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0