Россияда 50 жаштагы мекендешин зордуктаган кыргыз жаран кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүШектүү. Архив
Шектүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган жаран аялды күч колдонуп зордуктап, кабыргаларын сындырып, колу-бутун байлап, болгон окуяны телефондун камерасына тартып, из жашырып кеткен.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Москва шаарында 50 жаштагы кыргызстандык аялы күч колдонуп зордуктады деген шек менен кыргызстандык жигит кармалганын КР ИИМдин Россиядагы өкүлү Аскат Алиев билдирди.

Анын айтымында, 10-февралда ИИМдин өкүлчүлүгүнө жабыр тарткан аял телефон аркылуу кайрылып, 9-февралда болжол менен саат 12.00дөр чамасында Кеша аттуу бала батирине кирип келип күч колдонуп зордуктап, кабыргаларын сындырып, колу-бутун байлап, болгон окуяны телефондун камерасына тартып, из жашырып качып кеткенин айткан.

"Бул факт Москва шаарынын Ивановская полиция бөлүмүндө катталып, Москва шаарынын Тергөө комитети тарабынан кылмыш иши козголгон. 12-февралда полиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында Өзгөн районунун Мырзаке айлында туулган кыргызстандык жараны кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, камакка алынды", — деди ал.

Алиев ошондой эле учурда жабыр тарткан аялдын абалы жакшы болуп, дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

ИИМдин Россиядагы өкүлү эгер ушул сыяктуу кордукка кабылгандар болсо коркпостон арыз менен укук коргоо органдарына кайрылуу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0