Сирияга кетүүнү көздөгөн борбор азиялык мигранттар Сахалинден кармалды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүШектүүлөрдү кармоо. Архив
Шектүүлөрдү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азиядан келген мигранттардын тобу "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалган.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Сирияга кетүүнү көздөгөн борбор азиялык мигранттар Сахалинден кармалганын РИА Новости Россиянын федералдык кызматынын чек ара башкармалыгына таянуу менен билдирди. 

Кармалган жарандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушуу үчүн Сирияга кетүүгө аракет кылышкан.

Шектүүлөрдү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун сегиз мүчөсү кармалды
Федералдык коопсуздук кызматынын билдиришинче, мигранттар көп убакыттан бери Россиянын аймагында мыйзамсыз жүрүшкөн.

Кармалгандардын бирөө чек арадан мыйзамсыз өтүү жана пара берүү боюнча Сахалинде кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ал буга чейин Өзбекстандын бийлиги тарабынан экстремисттик багытта кылмыш жасаган деп издөөгө алынган болчу.

Кармалган төрт жаран соттун чечими менен мекенине жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0