Чоң-Алай: көчкү басып калган үйдөн куткаруучулар эки жаш баланын сөөгүн алып чыкты

Жазылуу
Көчкү басып калган үйлөрдөн кошуналар 11 адамды тирүү алып чыгууга жетишкен.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Чоң-Алайда көчкү басып калган үйлөрдүн биринде калып калган эки жаш баланын сөөгү табылгандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Кар көчкү басып калган үйлөрдүн биринде эки жаш баланын сөөгү табылды. Алардын бири 4-класста окуган кыз экен. Биринчи сөөк саат 11де, экинчиси 11.40та табылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырсык болгон жерде №16 жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы иштеп жатат.

Эске салсак, бүгүн таңга маал Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жаш-Тилек айылында түшкөн кар көчкү эки турак үйдү басып калган. Кошуналар эки үйдөн 10 адамды тирүү алып чыгууга жетишкен.

Ал эми өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев окуя болгон жерге жөнөп кеткенин өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жабыркагандар аймактык ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0