Атамбаев Ошто кар көчкүдөн каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа
Атамбаев: июньские события на юге стали большим испытанием для народа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Чоң-Алай менен Кара-Суу райондорунда кар көчкү түшүп бир аял жана эки жаш бала каза болгон.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Чоң-Алай жана Кара-Суу райондорунда кар көчкүдөн мерт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө көӊүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кыматы билдирди.

Эске салсак, дем алыш күнү Чоң-Алай менен Кара-Суу райондорунда кар көчкү түшүп бир аял жана эки жаш бала каза болгон.

Мамлекет башчысы өкмөткө табигый кырсыктан кыйраган үйлөрдү калыбына келтирүү жана набыт кеткендердин үй-бүлөлөрүнө, ошондой эле жабыр тарткандарга зарыл жардамдарды көрсөтүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0