Уюлдук телефондун айынан кыз мойнуна бычак жеп ооруканага түштү

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кыз тууралуу айтты
Депутат Россияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эки кыз тууралуу айтты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кол салган киши кыздын алты миң сомдук телефонун тартып алган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында 22 жаштагы кызды белгисиз бирөө бычак менен моюнга сайганын шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-февралда түнкү саат 12:00дөр чамасында 9-кичи райондо жашаган кыз апасына дары алып келүү үчүн сыртка чыккан. Кайтып келе жатканда 20-25 жаштардагы азиат улутундагы киши "телефонуңду бер" деп бычак менен коркуткан.

"Кыз каршылык көрсөткөндө бейтааныш киши моюнга бычак менен сайып качып кеткен. Жабыркаган кызды көчөдө өтүп бараткандар байкап шаардык №3 балдар ооруканасына алып барышкан. Андан кийин кызды Тез жардам кызматы Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирген. Ал жактан ал кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган", — деп ШИИБ билдирди.

Кол салган жаран кыздын алты миң сомдук Samsung Galaxy үлгүсүндөгү телефонун алып кеткен.

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси "Каракчылык" боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0