Интерпол аркылуу изделген Израилдин жараны Бишкектен кармалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМурад Агаларов, стрелявший на свадьбе, в Тверском суде
Мурад Агаларов, стрелявший на свадьбе, в Тверском суде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, ал Казакстанда туулуп, Интерполдун Казакстандагы өкүлчүлүгү аркылуу алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн Израилдин жараны Бишкектен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Снимок с официальной страницы Международной организации уголовной полиции (Интерпол) - Sputnik Кыргызстан
Интерпол издөөгө алган кыргызстандык кыз-келиндер
17-февралда ыкчам иликтөө аракеттеринин жүрүшүндө Бишкек шаарындагы Токтогул жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде Израилдин 60 жаштагы жараны кармалган.

Маалыматка ылайык, ал Казакстанда туулуп, Интерполдун Казакстандагы өкүлчүлүгү аркылуу алдамчылыкка шектелип издөөгө алынган.

Кармалган жаранды Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту эки айга камоо чечимин чыгарды. ИИМдин маалымат кызматы эми аны Казакстанга экстрадициялоо боюнча аракеттер көрүлөрүн кошумчалады.

Интерпол тарабынан издөөгө алынган Кыргызстандын кылмышкерлери тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0