ЖМК: кыргызстандык аялга 1 млн. доллар которгон австралиялык миллиардер сотко берилди

© AFP / WILLIAM WESTИзвестный австралийский миллиардер и политик Клайв Палмер
Известный австралийский миллиардер и политик Клайв Палмер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири тоо-кен компаниясынын ээси кыргызстандык аялга компаниянын эсебинен бир миллион доллар которгону үчүн айыпталып жатат.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Австралиялык миллиардер жана саясатчы Клайв Палмер кыргызстандык аялдын атына мыйзамсыз түрдө бир миллион доллар которгондугу боюнча ызы-чуу чыккандыгын британиялык The Guardian басылмасы жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, Палмер "табышмактуу аялга" бир миллион долларды анын Кыргызстандагы тоо-кен компаниясынын кызыкчылыктарын жакташы үчүн берген.

Председатель Государственного комитета национальной безопасности страны Абдиль Сегизбаев - Sputnik Кыргызстан
Сегизбаев: Текебаевдин акча алгандыгы боюнча далилдер жетиштүү
Палмер ээлик кылган Queensland Nickel ири ишканасы карызга батып кеткендиктен кредит берүүчүлөр өткөн жылы ишкананы жоюуну чечишкен. Компания 300 миллион долларга бааланган, учурда соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

The Guardian басылмасынын маалыматына караганда, бул иште Евгения Беднова деген аялдын аты аталган. Ага Палмердин Кыргызстандагы компаниясынын кызыкчылыктарын коргоосу үчүн аталган каражат которулган. Мындан тышкары, бул аялдын миллиардер менен Сингапурдан жолугушуусу үчүн дагы өзүнчө каражат которулганы айтылууда.

Басылмадагы маалыматка караганда, Беднованын Сингапурга баруусу үчүн Палмер атайын учак жалдатып ага 250 миң доллар короткон. Алар 2011-жылдын апрель айында Forbes конференциясынан жолугушкан. Ал эми ири суммадагы акча которуу кийинки жылы ишке ашкан.

Өткөн жумада өткөн соттук отурумда миллиардер Беднова менен коммерциялык максаттардын негизинде жолугушканын билдирген.

"Ал биздин Кыргызстандагы өкүлүбүз болчу. Биз анын жардамына муктаж элек. Себеби компаниянын ишин ошол мамлекетте уюштура турган адам керек болчу. Каражат кеңсени жабдуу үчүн которулган", — деп Палмер соттук отурумда билдирген.

Мындан тышкары, The Australian гезитинин кабарчысы Жаклин Магнай атайын Кыргызстанга келип Беднова менен маек курууга аракет жасаганы айтылат. Үйү Бишкектин борбордук бөлүгүндө жайгашкан Бедновага барган кабарчы аны менен сүйлөшүү үчүн жасаган аракеттеринен майнап чыккан эмес. Ошентсе да 36 жаштагы Беднова 260 миң долларлык эки кабаттуу үйдө эки баласы менен жашай турганы маалым болгон.

​Ал эми Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы Евгения Беднова аттуу жаран буга чейин кандайдыр бир маселе менен кайрылбаганын жана ага ведомство тарабынан лицензия берилбегенин Sputnik агенттигине билдиришти.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен айыпталгандарды кандай жаза күтөт
Клайв Палмер Австралиядагы эң бай адамдардын катарын толуктайт. Ал ошондой эле Квинсленд штатында Улуттук либералдык партиясынын жетекчиси болуп эсептелет.

Мындан тышкары көмүр, алтын кендерин иштеткен Mineralogy Pty Ltd, China First, Resourcehouse жана Waratah Coal компанияларына ээлик кылат. Буга чейин ал "Титаник" кемесинин түгөйүн жасатып сууга 2018-жылы кое берүүнү пландап жатканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0