Базар-Коргондогу Текебаевдин жактоочулары митингге чыгып, экинчи боз үйдү тигишти

© Фото / Талгат БакиевМитинг сторонников Текебаева в Базар-Коргоне
Митинг сторонников Текебаева в Базар-Коргоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текебаевдин 100гө жакын тарапташтары чогулуп, эл өкүлүн бошотууну талап кылышууда.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин Базар-Коргондогу тарапташтары Акман айылында митингге чыгып, экинчи боз үйдү бүгүн эртең менен тигишти. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Анын айтымында, Акман айылында Текебаевдин 100гө жакын тарапташтары чогулган жана коомдук тартипке 20дай милиция кызматкери көз салууда. Мындан 2-3 күн мурда дагы бир боз үй тигилген.

"Алар Текебаевди камактан бошотууну талап кылып, ага тагылган айыптар негизсиз экенин айтышууда", — деди кабарчы.

Эл өкүлүнүн кичи мекени болгон Акман айылында буга чейин да нааразычылык акциясы өткөн.

Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Эмил Үмөталиев Текебаевдин иши боюнча күбө катары чакырылды
Белгилей кетсек, Текебаев "коррупция" беренеси боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 25-апрелге чейин камакка алынган.

Эл өкүлү 2010-жылы убактылуу өкмөттүн төрага орун басары болуп турганда Россиядагы телекоммуникациялык компанияларынын ээси Леонид Маевскийге MegaCom компаниясынын акциясын алууга жардам берем деп бир миллион доллар алган деп айыпталууда. Башкы прокуратура Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгосо, тергөө иштерин УКМК жүргүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0