Курал-жарак алып бараткан эки казак жараны чек арадан кармалды

© пресс-служба ГПС КРУчения по выявлению незаконного провоза оружия через границу пограничниками КР
Учения по выявлению незаконного провоза оружия через границу пограничниками КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota Camry үлгүсүндөгү машинаны тинтүү учурунда чек арачылар МР-654К үлгүсүндөгү газ тапанча, беш газ баллон жана газопневматикалык октордун топтомун табышкан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга курал-жарактарды огу менен кошо алып бараткан эки казак жараны чек арадан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аба бекетинен жасалма документ менен израилдик аял кармалды
Маалыматка ылайык, алар 5-мартта колго түшкөн. Toyota Camry үлгүсүндөгү машинаны тинтүү учурунда чек арачылар МР-654К үлгүсүндөгү газ тапанча, беш газ баллон жана газопневматикалык октордун топтомун табышкан.

Андан сырткары, ошол эле күнү "Кеңбулуң" өткөрүү пунктунан казак жаранынын автоунаасын тинтүү учурунда ИЖ-18Е үлгүсүндөгү аңчылык мылтыгы табылган. Ал дагы Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракеттенген.

Тийиштүү документтер толтурулган соң кармалган жарандар ИИМдин аймактык кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0