Баткенде 4 млн. сомдук контрабандалык дары-дармек кармалды

© Sputnik / Максим БогодвидДары-дармектер. Архив
Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дары каражаттарынын арасында простатитке, муун ооруларына каршы жана оору басаңдатуучу, баш айланган учурда жана инсульттан кийин колдонгон дары-дармектер чыккан.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. "Баткен" бажысынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 4 миллион 602 миң сомдук мыйзамсыз алынып бараткан дары-дармекти кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Чучук дарядоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШга "устукан" жана чучукту мыйзамсыз алып кирүүгө аракеттенген моңголдор кармалды
Билдирүүгө караганда, бажычыларга контрабанда тууралуу маалымат Кыргызстандын Чек ара кызматынан түшкөн. Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаадан 26 аталыштагы 270 кутучада дары бар экени аныкталып, уруксат берүүчү эч кандай документи болгон эмес. Унааны кыргыз жараны айдап бара жаткан.

Бажы кызматынан кабарлашкандай дарылардын арасында простатитке, муун ооруларына каршы жана оору басаңдатуучу, баш айланган учурда жана инсульттан кийин колдонгон дары-дармектер чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0