Майлуу-Суу: телемунарадагы бейтапты алып кетүүгө тик учак менен ӨКМдин эки тобу барды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТик учак. АрхивТик учак. Архив
Тик учак. АрхивТик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
112 номерине чакыруу кечээ саат 7:56да келип түшкөн. Тик учак менен келген куткаруу тобу катаал аба ырайына байланыштуу коно албай койгон.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Майлуу-Суу шаарындагы республикалык теле-радиорелейлик станциясынынын ("РРС-45" мунарасы) кызматкери ооруп калып Тез жардам кызматына муктаж болгондугун ӨКМден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 112 номерине чакыруу кечээ саат 7:56да келип түшкөн.

"Аталган телемунара Сары-Бээ айылынан 18 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бейтапты ооруканага алып келүү үчүн куткаруучулардын биринчи тобу саат 10.20да жөнөтүлгөн. Ошондой эле саат 12.50дө Куралдуу күчтөрүнүн тик учагы Ош шаарынан учкан. Ал телемунарага жеткени менен катаал аба ырайына байланыштуу коно албай койду", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми куткаруучулардын биринчи тобу кайрадан сапарын улашкан. Алар автоунааларын Сары-Бээ айылына таштап, андан ары ат менен жөнөшкөн. Саат 15.15де куткаруучулар бейтапка жетип барган.

Саат 19.30да куткаруу тобу Сары-Бээ айылына жетип андан ары бейтап унаа менен Майлуу-Суу шаарындагы ооруканага жеткирилген. Жаранга өтүшүп кеткен холецистит диагнозу коюлуп медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0