Бишкекте кудуктан кишинин сөөгү табылды

Жазылуу
Окуя 8-март күнү Биринчи Май районунда катталган.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы көчөлөрдүн бириндеги кудуктан эркек адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, окуя кечээ,  8-март күнү Биринчи Май районунда катталган.

"Нарв көчөсүндөгү №74 үйдүн жанындагы кудуктан белгисиз эркек кишинин сөөгү табылган. Аны кудуктан ӨКМдин куткаруучулары алып чыгышкан", — деп жазылат маалыматта.

Каза болгон адамды ӨКМ милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0