Ошто жарандарды Сириядагы согушка азгырып жүргөн шектүү киши кармалды

Жазылуу
Февралдын аягында Кыргызстандын 40 жаштагы жараны кармалган. Атайын кызматтардын маалыматына ылайык, ал эл аралык "Жамаат Таухид ва Жихад" террордук уюмунун активдүү мүчөсү болуп эсептелет.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарын Сирия менен Иракка азгырып, аларды жиберип жүргөн киши кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Учения по выявлению незаконного провоза оружия через границу пограничниками КР - Sputnik Кыргызстан
Курал-жарак алып бараткан эки казак жараны чек арадан кармалды
Маалыматка ылайык, 2017-жылы 22-февралда террорчулукка каршы күрөшүү иш-чарасынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун 40 жаштагы тургуну кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымдашынча, ал эл аралык "Жамаат Таухид ва Жихад" террордук уюмунун активдүү мүчөсү болуп эсептелет. Ага карата Кылмыш жаза кодексинин "Жалданмачылык" "Улуттук, расалык, дин же аймактар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кармалган киши кыргызстандыктарды Сирия менен Ирактын согуш болуп жаткан аймактарында террордук аракеттерди жасоого үндөп, аларды азгыргандыгы айтылды.

Учурда шектүү жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0