Оштогу акча алмаштыруучу жайдан жарым миллион сом тонолду

Жазылуу
Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Ош шаарына караштуу Шейит-Төбө аймагында базардагы акча алмаштыруучу жайлардын биринин ээсин бейтааныш адамдар тоноп кеткендигин Ош ШИИБден кабарлашты.

Билдирмеге караганда, 44 жаштагы ишкер акча алмаштыруучу жайдын эшигин жаап жатканда каракчылар келип кол салган.

"Белгисиз адамдар жарандын уюлдук аппаратын, 120 миң рублин жана 337 миң сомун күч колдонуу менен тартып алышкан", — деп айтылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) менен кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0