Кара-Балтада поезд менен жеңил автоунаа кагышып, бир аял каза болду

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТемир жолду тазалап жаткан кызматкер. Архив
Темир жолду тазалап жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык кесепетинен 36 жаштагы аял көз жумду. Ал эми жаракат алгандар аймактык ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Беловодск – Кара-Балта темир жолунда поезд менен жеңил автоунаа кагышып, бир аял каза болгонун ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-мартта саат 19:25тер чамасында болгон.

"Honda Accord атоунаасынын 25 жаштагы айдоочусу поезддин жакындаганы тууралуу белги берилгенине карабай темир жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган. Машинист поездди токтотууга аракет кылган", — деп айтылат маалыматта.

Жеңил автоунаанын ичинде айдоочудан тышкары беш жүргүнчү болгон. Алардын экөө жашы жете элек балдар — 4 жаштагы бала жана жаңы төрөлгөн ымыркай болгон.

"Жол кырсыгынын кесепетинен 36 жаштагы аял каза болду. Жаракат алгандар аймактык ооруканага жеткирилген. Айдоочунун абалы башкаларга салыштырмалуу оор", — деп ИИМ билдирди.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип, керектүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0