Бишкек — Ош жолунда бензовоз менен Porter кагышып, бир адам мүрт кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековДорожный знак "Обгон запрещен"
Дорожный знак Обгон запрещен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепетинен 34 жаштагы киши көз жумуп, эки адам оор жаракат алган.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунун 346-чакырымында (Кара-Көл) бензовоз менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышып бир адам мүрт кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 11-март күнү 17.30дар чамасында катталган. Мунун кесепетинен 34 жаштагы киши көз жумуп, эки адам оор жаракат алган. Жабыркагандар жүк ташуучу унаанын ичинде болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча бензовоздун айдоочусу рулда баратып уктап кеткен. Ал эми Porter унаасы мал жүктөп баратканы айтылат.

Фуралар себепкер болгон жол кырсыктар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0