Ардагерге кол салган аялдар анын операцияга деп чогулткан акчасын алып кеткен

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүАрдагер. Архив
Ардагер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтааныш аялдар карыянын үйүнө кирип, ага кол салып, акчасы менен орден-медалдарын алып кетишкен.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Леонид Тузовдун үйүнө кирип барган аялдар орден-медалдары менен анын жүрөккө жасалчу операцияга деп чогулткан акчасын да алып кетишкен. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жабырлануучунун кызы Ольга Тузова айтып берди.

Буга чейин ИИМ эки бейтааныш аял үйдүн эшигин тыкылдатып киришкенин, андан соң ардагерге кол салып, ири суммадагы акчасы менен сыйлыктарын алып жолго түшкөнүн маалымдаган. 

Тузова келиндер 91 жаштагы карыянын 5 ордени менн 15 медалын, мындан тышкары, 180 миң сомун алып кетишкенин белгиледи.

"Кардиостимуляторго 1800 доллар керек дешти, бирок биз көбүрөөк акча топтогонбуз. Бир тыйын калтырбай алып кетишиптир. Эң баалуусу — атамдын сыйлыктары эле. Азыр аялдарды милиция издеп жатат", — деди ал.

Тузованын айтымында, дарыгерлердин үч бригадасы келип, президенттин иш башкарамалыгынын алдындагы медициналык мекеменин дарыгери тез арада операция жасоо зарылдыгын белгилеген.

ИИМ каракчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди. Иш мекеме жетекчисинин жеке көзөмөлүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0