Согуштун 91 жаштагы ардагерине кол салган аялдар кармалды

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова
Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карыяга өз үйүнөн эки аял кол салып, ардагердин медалдары менен операцияга деп чогулткан акчасын алып кетишкен.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Улуу Ата мекендик согуш ардегери Леонид Тузовго кол салгандар кармалганын Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 13-мартта белгисиз эки аял 91 жаштагы ардагердин үйүн тыкылдаткан. Эшикти ачкан учурда алар ага кол салып медаль ордендерин жана 182 миң сом акчасын уурдап кетишкен. Ардагер бул акчаны операция жасатуу үчүн чогултуп жүргөн. Жабыр тарткан ардагер сыртка чыгып жардам сураганга үлгүргөн.

Кол кишен жана акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик жарандарды талап-тоноого шектелген кылмыштуу топ Бишкектен кармалды
Милиция 45 жаштагы аял менен 18 жаштагы кызды кармады. Аларды тинтүү учурунда жанынан 90 миң сом, бир планшет, 24 медаль, эки капчык, түрдүү мамлекеттердин 12 тыйынын, күрмө жана бут кийим табылган.

Аталган факты боюнча Ленин РИИБи Кылмыш жаза кодексинин каракчылык беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кармалгандар ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизип, тергөө амалдары уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0