Доллар акчасы. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыкты 120 000 долларга "отургузуп" кеткен чет элдикти Бишкекке беришти

(жаңыланган 18:04 16.03.2017)
2016-жылдын октябрь айынын башында Казакстандын тартип коргоо органдары ал кишини Алматыдагы аэропорттон кармаган.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктын акчасын алдап алып, сызга отургузуп кеткендиги үчүн эл аралык издөөгө алынган чет элдик жаран Казакстандан кармалып, Бишкекке өткөрүп берилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Казакстан менен Кыргызстандын Баш прокуратураларынын чечиминин негизинде Германиянын 66 жаштагы Аселборн Вальдемар аттуу жараны Алматыдан Бишкекке экстрадиция кылынды. ИИМ бул кишиге КРдин Кылмыш жаза кодексинин 116-беренесинин (Алдамчылык) негизинде иш козголгондугун билдирди.

Маалыматта экстрадиция болгон адам 2013-жылдын май айында кыргыз жаранынын ишенимине кирип, ага Германиядан шире жасоочу жабдуу алып келүүнү убада кылып, 120 миң доллар алган деп айтылат. Акчаны алган соң чет элдик жаран коңшу өлкөгө кирип кетип, ошол бойдон жок болгон. Кылмыш иши козголгондон кийин аны Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Ленин райондук тергөө бөлүмү издей баштаган.

Аселборн Вальдемарга Интерпол эл аралык издөө жарыялаган.

2016-жылдын октябрь айынын башында Казакстандын тартип коргоо органдары КР ИИМинин сурамынын негизинде аны Алматыдагы аэропорттон кармаган. Экстрадиция процедуралары бүткөнгө чейин ал Казакстанда камакта отурган.

ИИМ учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Белгилер:
акча, алдамчылык, Интерпол, Алматы, Казакстан, Германия
Тема боюнча
Нурлан Жанбаев: КТРК журналистимин деген жаран алдамчылыкка шектелип кармалды
"Салон иштеткен" алдамчы жигит кыз-келиндерди 8 млн. рублге отургузуп кеткен
Тазалоочу айым. Архив

Асылып жанын койбогон жетекчисин швабра менен сабап... Кытайлык кыздын видеосу

(жаңыланган 10:23 19.04.2021)
Видео интернетке жайылып кеткен соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында жетекчинин кызматтан кеткени айтылды.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кытайдын социалдык тармагында жетекчисин швабра менен башка-көзгө чапкылаган кыздын видеосу желдей тарады. RT басылмасы билдиргендей, эркек киши кызга асылып, ыплас билдирүүлөрдү тараткан.

​Окуя 11-апрель күнү Суйхуа шаарында (Хэйлунцзян провинциясы) болгону маалымдалды. Кыздын шаардагы жакырчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысын швабра менен чапкылаган видеосу 14 мүнөткө созулат.

Билдирмеге ылайык, кытайлык кыз жетекчисинин туура эмес, ыплас билдирүүлөрдү жибергенине жини келген. Начальниги кыз швабра менен ургулай баштаганда кечирим сурап, тамашалап койгонун айткан.

Видео интернетке желдей тараган соң жергиликтүү бийлик окуяны териштирип, жыйынтыгында бөлүм башчынын кызматтан кеткени айтылды. Ошондой эле ал Кытайдын Коммунисттер партиясынын катарынан да чыгарылган.

Белгилер:
видео, жетекчи, интернет, окуя, Кытай
Тема боюнча
Жумушка барбаш үчүн 4 жолу үйлөнүп, 3 ирет ажырашкан. Тайвандагы окуя
Шаркыратма. Архив

Казакстанда атасы кызы менен шаркыратмага түшүп кеткен. Жүрөк үшүн алган видео

(жаңыланган 13:01 18.04.2021)
Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Интернетте шаркыратманын жанындагы шар аккан дарыя суусунда эркек кишинин бала менен агып бара жаткан видеосу тарады. Sputnik Казакстан агенттиги билдиргендей, окуя Акмола облусунда болгон.

Күбөлөр тартып алган видеодо көрүнүп тургандай, баласын кучактаган киши шар аккан суунун агымына туруштук бере албай агып бара жатат. Бир маалда ал суунун ортосунан ташты тиреп калып, токтогон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от 🄽🄴🅆🅂 Новости Кокшетау (@kokshetauasia)

"Аялынын айтканына көнбөй, атасы кызы менен шаркыратманын жанынан сүрөткө түшөйүн деген. Бул учурда кыз таштан кулап кеткен же атасы анын артынан секирген. Кызы атасын сууга ала түшүшү да мүмкүн. Бактыга жараша, эркек киши менен кыз суудан чыгарылган", — деди окуянын күбөлөрү.

Зерединск районунун акимчилиги саат 16:35те райондук ооруканага жеңил жаракат алып 6 жаштагы кыз түшкөнүн маалымдаган. Белгилүү болгондой, жабыркагандар Кокшетауда жашашат. Дарыгерлер медициналык жардам көрсөткөн соң үйүнө жиберишкен.

Белгилер:
видео, суу, кыз, ата, окуя, Казакстан
Тема боюнча
Ойногон жеринен таппай калышкан. Бакай-Атада эки жашар бала изделүүдө. Сүрөт
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россиянын 11 аскер адамы КР президентинин энчилүү кол сааты менен сыйланды

(жаңыланган 23:29 19.04.2021)
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Церемония вручения именных часов президента Кыргызстана Садыра Жапарова 11 российским военнослужащим на авиабазе Кант
© Пресс-служба президента КР
Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды

Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.

Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.

Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган. 

Белгилер:
сыйлык, Садыр Жапаров, президент, Аскер, саат, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу