Ысык-Көл: түн жамынгандар аял-күйөөсүн сабап, кредитке топтогон акчасын тоноп кеткен

© Sputnik / Жоомарт УраимовТаш менен уруп жаткан адам. Архив
Таш менен уруп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акчаны алгандан кийин 14 жаштагы баласы үчөөнүн буту-колун байлап, бирөөгө арызданса мындан да жаман болорун эскертип чыгып кетишкенин жабырлануучу айтып берди.

БИШКЕК, 19-Мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Кара-Шаар айылында түндө белгисиз адамдар келип бир үй-бүлөнү сабап, 141 миң сом акчасын тоноп кеткен. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жабыр тарткан аял айтып берди.

Анын айтымында, окуя 15-мартта түнкү саат 3.30дарда  болгон.

"Уктап жатсак эшикти каккылап бейтаныш балдар кирип келди. Көрүп эле кыйкырып жиберсем, бирөөсү таш менен башка чапты. Экинчиси жолдошумду арматура менен башка уруп, "башыңды көтөрбөй, чөгөлөп отур" деди. Анан бычак кезеп акча, сөйкө, шакектеримди берүүнү талап кылды. Алты миң сому менен капчыгымды берсем, аз деди. Дагы сураганынан кредит төлөйбүз деп сактап отурган 135 сомду алып чыктым. Эгер бербесек өлтүрүп коёрун айтып коркутту", — деди жабырлануучу.

Акчаны алгандан кийин 14 жаштагы баласын кошуп, үчөөнүн тең буту-колун байлап, бирөөгө арызданса мындан да жаман болорун эскертип чыгып кетишкенин аял айтып берди.

Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Ош базарынын аймагында дүкөнгө кире калган кызды бычактап кетишти
"Бирөөсү бет кап кийип алыптыр, бирок анын биздин айылдык бала экенин үнүнөн эле тааныдым. Калган экөөнү тааныган жокмун. Алар бет кабы жок эле жүрүштү. Дагы бири киргенден кийин эле кайра артка качып кетти. Кылмышка шектүү катары жанагы айылдык баланы айтсам, милициялар "сиз жаңылып жатасыз" деп аны кармабай жатышат. Ал үч жолу кылмышка шектелип, бирок, милиция анын күнөөсүн мойнуна коё алган эмес. Берки балдардын да жүзүн эстеп калдым, көрсөм тааныйм", — деди жабырлануучу аял.

Учурда жабырланган аялы менен күйөөсү Бишкекке келип медициналык кароодон өтүп жатышат. Ал бүгүн  тергөөчү кылмышка шектүүлөрдү Бишкекке алып келгенин айтып, көрсөтмө берүү үчүн чакырып жатканын билдирди.

Бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин маалымат-кызматы менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0