Бишкекте Шабдан баатыр (мурдагы Алматы — ред.) көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде 19-март күнү көпүрөдөн бир улан кулап түшкөн

ШИИБ: Бишкектеги көпүрөдөн кулаган улан селфи жасагысы келген

870
(жаңыланган 19:45 20.03.2017)
Бишкекте Шабдан баатыр көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде 19-март күнү көпүрөдөн бир улан кулап түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча ал суу асфальттан тайып кеткен.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Бишкектеги көпүрөдөн кулаган улан селфи жасоого аракет кылгандыгын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкекте Шабдан баатыр (мурдагы Алматы — ред.) көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде 19-март күнү көпүрөдөн бир улан кулап түшкөн. Буга чейин ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаганы болжолдонгон.

  • Бишкектеги көпүрөдөн кулаган улан селфи жасоого аракет кылгандыгын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
    Бишкектеги көпүрөдөн кулаган улан селфи жасоого аракет кылгандыгын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
  • Бишкекте Шабдан баатыр (мурдагы Алматы — ред.) көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде 19-март күнү көпүрөдөн бир улан кулап түшкөн.
    Бишкекте Шабдан баатыр (мурдагы Алматы — ред.) көчөсү менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде 19-март күнү көпүрөдөн бир улан кулап түшкөн.
    © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
1 / 2
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Бишкектеги көпүрөдөн кулаган улан селфи жасоого аракет кылгандыгын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

"Алдын ала маалыматтар боюнча жаран көпүрөдөн өзүн-өзү сүрөткө тартууга аракет жасаган. Бирок суу асфальттан тайып кетип, жерге түшкөн. Дарыгерлер аталган жарандын абалы жакшырып, үйүнө кеткенин билдиришти", — деп ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Милиция бул окуяны суицид менен байланыштырбаганы белгиленет.

870
Белгилер:
көпүрө, суицид, милиция
Тема боюнча
Өлүм жыттанган статистика: ар бир айда 3 миңге жакын кыргызстандык каза табат
Бишкекте көпүрөдө өзүн-өзү асууга аракеттенген улан унаа жолго кулап түштү
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив

Көз ирмемде болуп кетти. Бишкектин четинде үч автоунаа кагышкан учурдун видеосу

107
(жаңыланган 11:55 31.05.2020)
Үч автоунаанын кагышкан кадры видеокаттагычка жазылып калган. Ишемби күнү түшкө маал болгон кырсыктан жабыркагандар такталууда.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкекке жакын Новопавловка айылында үч автоунаа кагышкан.

Ал учур "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүткөлдү. Кадрлар видеокаттагычка тартылып калган.

Кадрдан видеокаттагычы бар биринчи автокөлүк келе жатканда каршы тилкедеги автоунаа чыга калып, аны капталынан сүзгөнүн көрүүгө болот. Буйтаганга үлгүрбөй калган биринчи автоунаа сол четте токтоп турган үчүнчүсү менен кагышкан.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, биринчи экөө Toyota Mark II жана Honda Odissey экени аныкталды, үчүнчү автоунаанын үлгүсү азырынча белгисиз болууда. Кырсык кечээ түшкө маал болгон.

Жабыркагандардын саны такталып жатат.

107
Белгилер:
жол кырсык, автоунаа, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Автоунаа ойдуңга 20 метрдей кулаган. Ала-Белдеги кырсыктын чоо-жайы
Камакка алынган жаран. Архивдик сүрөт

УКМК укук коргоочу Рузиев Караколдон кармалганын кабарлады

154
(жаңыланган 19:18 30.05.2020)
Камилжан Рузиевге каршы эки кылмыш иши козголгон. Күч органдары анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүүдө.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан "Вентус" коомдук бирикмесинин башчысы Камилжан Рузиевдин кармалганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

57 жаштагы укук коргоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.

Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогун текшерип жатат.

154
Белгилер:
берене, кылмыш, укук коргоочу, УКМК
Тема боюнча
Алай: постто турган кайгуулчуну сүзүп из сууткан чек арачы кармалды
Мышык менен ойноп жаткан бөбөк. Архив

Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

0
(жаңыланган 12:55 31.05.2020)
29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала кайрылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгынын инспекторлору Бишкектин Ак-Өргө кичи районунда жоголуп кеткен эки жашар баланы ата-энесине таап берди. Бул тууралуу аталган башкармалыктын маалымат кызматынан билдиришти.

29-май күнү милиционерлер Ак-Өргө конушун аралап нөөмөттө жүргөндө, инисин жоготуп алган бала (жашы айтылган эмес) кайрылган. Ал саат 13.30дар чамасында эшиктин алдында ойноп турган инисин таппай калганын айткан.

"Эки сааттан кийин бөбөк ошол эле конуштагы Гагарин менен Ашар көчөлөрүнүн кесилишинен табылып, ата-энесинин колуна тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Милициядан билдиришкендей, небересинин табылганына сүйүнгөн чоң эне инспекторлорго ыраазычылыгын айткан.

0
Белгилер:
издөө, бала, милиция, "Ак-Өргө" кичи району, Бишкек
Тема боюнча
Чүйдөн жоголгон өспүрүм кыздар Баткенден табылды