Медики оказывают помощь пострадавшему в результате стрельбы у здания британского парламента

Лондондо теракт болуп, эки киши каза тапты

55
(жаңыланган 23:29 22.03.2017)
Каргашадан соң имарат курчоого алынып, парламентарийлерге андан чыгууга тыюу салынды.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Улуу Британияда парламенттин имаратынын жанында теракт болуп, андан кеминде эки адам мерт кетти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты. 

  • Улуу Британияда парламенттин имаратынын жанында теракт болуп, андан кеминде эки адам мерт кетти
    Улуу Британияда парламенттин имаратынын жанында теракт болуп, андан кеминде эки адам мерт кетти
    © REUTERS / TOBY MELVILLE
  • Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя бүгүн, шаршемби күнү болгон
    Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя бүгүн, шаршемби күнү болгон
    © REUTERS / STEFAN WERMUTH
  • Мында унаа менен келе жаткан кылмышкер көпүрөдөн өтүп бара жаткан бир нече кишини коюп кеткен
    Мында унаа менен келе жаткан кылмышкер көпүрөдөн өтүп бара жаткан бир нече кишини коюп кеткен
    © REUTERS / HANNAH MCKAY
  • Парламенттин жанында турган полиция кызматкерине бычак ургандан кийин жок кылынган. Укук коргоо органдары окуяны теракт деп аташты.
    Парламенттин жанында турган полиция кызматкерине бычак ургандан кийин жок кылынган. Укук коргоо органдары окуяны теракт деп аташты.
    © REUTERS / TOBY MELVILLE
1 / 4
© REUTERS / TOBY MELVILLE
Улуу Британияда парламенттин имаратынын жанында теракт болуп, андан кеминде эки адам мерт кетти

Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя бүгүн, шаршемби күнү болгон. Мында унаа менен келе жаткан кылмышкер көпүрөдөн өтүп бара жаткан бир нече кишини коюп кеткен. Парламенттин жанында турган полиция кызматкерине бычак ургандан кийин жок кылынган. Укук коргоо органдары окуяны теракт деп аташты.

Каргашадан соң имарат курчоого алынып, парламентарийлерге андан чыгууга тыюу салынды. Маалыматтарга караганда жыйында премьер-министр Тереза Мэй сүйлөмөк.

Теракт мындан туура бир жыл мурун Брюсселде болгон трагедияга дал келип жатканы айтылууда. Анын жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" алган. 

Ушу тапта окуядан жабыркагандардын саны менен ырааты такталып жатат. Лондондогу бардык туристтик жайлар жабылды.

55
Белгилер:
теракт, парламент, Лондон
Тема:
Лондондогу теракт (5)
Тема боюнча
Түрк полициясы Стамбулда жардырууларды пландаган эки кишини кармады
Түштүк Суданда кыйраган учактын жүргүнчүлөрү аман калды
Пикирлер