УКМК: "Хизб ут-Тахрир" уюмунун 35 жаштагы мүчөсү колго түштү

© AFP / ANTHONY WALLACE Кол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган кишинин жашаган жеринен экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана чет өлкөлүк жарандын атына жазылган документ табылган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Ички иштер министрлиги менен биргеликте "Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөсүн кармашты. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, кармалган адам Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну болуп чыккан.

"Колго түшүрүлгөн адамдын жашаган жерин текшергенде тыюу салынган диний экстремисттик мүнөздөгү адабияттар жана чет өлкө жаранынын атына жазылган документ табылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кармалган адам камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0