Согуштун ардагерине кол салып, тоноп кеткен аялдарга соттун өкүмү чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе
Спецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки аял 91 жаштагы карыянын үйүнө кирип барып ур-токмокко алып, 180 миң сому менен медалдарын алып кетишкен.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Леонид Тузовго кол салды деп шектелген жарандар камакка алынганын Sputnik Кыргызстан агенттигине ШИИБ билдирди.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адам тоноп, май куючу жайдагы аялга тапанча такаган беткапчан балдар кармалды
Эскерте кетсек, 13-март күнү 91 жаштагы карыянын эшигин тыкылдатып кирген аялдар абышкага кол салып, беш орденин, 15 медалын жана 180 миң сомун алып кетишкен. Милиция шектүү катары Чүй облусунда жашаган 45 жана 18 жаштагы эки аялды кармаган

Маалыматка ылайык, Ленин райондук соту кармалган аялдарды эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Аларга карата Кылмыш кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0