ГЭС-5 аймагында бензовоз менен жеңил унаа кагышты, каза болгондор бар

© Sputnik / Элебесов МаксатДТП с участием бензовоза и легковой автомобили в районе ГЭС-5
ДТП с участием бензовоза и легковой автомобили в районе ГЭС-5 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында, унаа бензовоздун алдына кирип кеткен.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Аламүдүн районундагы ГЭС-5 суусунун аймагында жол кырсыгы катталып, төрт адам каза тапканын күбө социалдык тармак аркылуу билдирди.

Mercedes менен бензовоздун кагылышы. Жеринен алынган кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Mercedes менен бензовоздун кагылышы. Жеринен алынган кадрлар
Маалыматка караганда, Mercedes үлгүсүндөгү жеңил машина май ташыган чоң унаанын алдына кирип кеткен.

"Тез жардам менен милиция кызматкерлери келе элек", — деп билдирди күбө.

Тез жардам кызматы аталган аймакта кырсык болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөнүн ырастап, дарыгерлердин бригадасы жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Жаңылыктар түрмөгү
0