Кар көчкү алдында каза болгон жолчулар бүгүн жерге берилди

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия схода лавины на трассе Бишкек — Ош
Последствия схода лавины на трассе Бишкек — Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жерге берүү зыйнатына Транспорт министринин орун басары, Бишкек — Ош мамлекеттик автожолунун башкы директору катышууда.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Кар көчкү алдында калып каза болгон жолчулар бүгүн жерге берилди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Кылыч Досумбетов билдирди.

© Фото / пресс-служба МЧС КР28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган.
28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган. - Sputnik Кыргызстан
1/2
28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган.
© Фото / пресс-служба МЧС КРКырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон.
Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон.
1/2
28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган.
2/2
Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон.

Эске сала кетсек, 28-март күнү Бишкек — Ош жолунда №23 жол тейлөө кызматына тиешелүү Toyota Hilux Pick Up автоунаасын көчкү басып калган. Кырсыктан унаа ичиндеги төрт адам набыт болгон.

"Бүгүн каза болгондор жерге берилди. Баары тең Токтогулдун тургундары болчу. Алардын тажыясына катышуу үчүн министрдин орун басары Азимкан Жусубалиев, Бишкек — Ош мамлекеттик автожолунун башкы директору Изатбек Токтомомбетов түнкү 3тө Токтогулга чыгып кетишкен", — деди Досумбетов.

Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам - Sputnik Кыргызстан
Көчкү алдында калган Валиев: унаада аба жетпей, өзүмдү жогото баштагам
Белгилей кетсек, каза болгон Нурбек Орунбеков Терек-Суу айылынын, Султангазы Жапаркулов Торкен айылынын, Анарбек Момуналиев Токтогул шаарынын, Акчабай уулу Курсант Бала-Чычкан айылынын тургундары. Алар өз айылдарында жерге берилди.

Досумбетов министрликтин кызматкерлери бир күндүк маянасын набыт болгондордун жакындарына берерин, ал эми Жол тейлөө департаменти жерге берүү зыйнатындагы чыгымдарды көтөрөрүн кошумчалады. Мындан сырткары, атайын эсеп дагы ачылды.

Атайын эсептин реквизиттери:

  • БИК: 129037; Р/С: 1290373480000042;
  • Кардардын эсеби: 03702417348201000127 "РСК Банк" Токтогул шаары
Жаңылыктар түрмөгү
0