Арча-Бешикте 1,5 жаштагы ымыркай кудукка кулап чарчап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековКанализационный люк на столичной дороге
Канализационный люк на столичной дороге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ымыркайдын сөөгүн кудуктан ӨКМдин куткаруучулары чыгарышкан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Арча-Бешик жаңы конушунда кудукка түшүп кеткен жаш баланын сөөгү чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирүүгө караганда, окуя Арча-Бешик жаңы конушундагы 8-көчөдө болгон. Анда 1,5 жаштагы ымыркай үйдүн жанындагы кудукка түшүп кеткен.

Каза болгон ымыркайдын сөөгүн кудуктан ӨКМдин куткаруучулары чыгарышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0