Сосновкада май куючу жайды тоноого шектелип 18 жаштагы балдар кармалды

Жазылуу
Окуя 26-март күнү болжол менен саат 1.40дарда болгон.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Жайыл районунун Сосновка айылында беткапчан каракчылар май куючу жайды тоноп кетти. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адам тоноп, май куючу жайдагы аялга тапанча такаган беткапчан балдар кармалды
Маалыматка ылайык, 26-март күнү болжол менен саат 1.40дарда май куючу жайды эки бала келип тоноп кеткен. Оператордун айтымында бет капчан келген каракчылар күч колдонуп, андан кассадагы акчаларды берүүнү талап кылган. Өмүрүнө коркунуч жаралганда ал баштыгындагы жана кассадагы акчаларды алып чыгып берген.

Андан кийин каракчылар белгисиз тарапка качып кетишкени айтылат. Бул боюнча кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Кийинчерээк милиция кылмышка шектүү Жайыл районунун айылдарынын биринде жашаган 18 жаштагы эки баланы колго түшүргөн. Учурда тергөө айыпталуучулардын жазык иши боюнча жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0