Өзгөн: жер көчкү алдында калгандардын баарынын сөөгү чыгарылды

© Фото / пресс-служба МЧССход оползня в селе Ничке-Сай Узгенского района
Сход оползня в селе Ничке-Сай Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таңга жуук жер көчкү жүрүп, төрт балалуу үй-бүлөнү басып калган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Өзгөндө жер көчкү алдында калган бардык жарандардын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандагы табигый кырсыктар каттала турган кооптуу аймактар. Карта - Sputnik Кыргызстан
Табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жерлер
Эскерте кетсек, Өзгөн районунун Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында 26-март күнү таңга жуук жер көчкү жүрүп, төрт балалуу үй-бүлөнү басып калган. Анда 29 жаштагы үй ээси, анын 28 жаштагы жубайы жана жети, алты, төрт жана бир жаштагы балдары көчкү алдында калган. 29-март күнү издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 7 жана 1 жаштагы кыздардын сөөгү табылган.

Бүгүн түшкө маал дагы бир кишинин сөөгү чыгарылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0