Бычак кармаган адам. Архив

Бишкекте жубайына бычак сайып, кайненесин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды

623
(жаңыланган 23:38 31.03.2017)
Милиция кызматкерлери канга боелгон бычак кармап турган кишини байкашкан. Окуя 31-март күнү саат 09.40дар чамасында Коммунаров менен Азовский көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги үйлөрдүн биринде катталган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бишкекте өз жубайына бычак сайып, кайненесин өлтүрүүгө шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык ИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя 31-март күнү саат 09.40дар чамасында Коммунаров менен Азовский көчөлөрүнүн кесилишине жакын жердеги үйлөрдүн биринде катталган. Кайгуул милициясынын кызматкерлери аталган даректе чогулган элди жана колуна бычак кармаган 45-50 жаш чамасындагы эркек кишини байкашкан.

“Жаран буйрукту аткарбай, бычагын ыргытпай койгон. Мындан улам милиция кызматкерлери бычагын колунан тартып алышкан. Кийин укук коргоочулар үйдүн короосуна киргенде карыган аялдын сөөгүн көрүшкөн. Ал эми үйдүн ичинен 40-45 чамасындагы жаракат алган аял табылган”, — деп айтылат маалыматта. 

Үй ээсинин коңшулары өлгөн адам шектүүнүн кайненеси, ал эми жаракат алган аял анын аялы экенин ырасташкан.

“Үйдө 10-12 жаш курактагы кыз дагы болгон. Окуя болгон жерге бир бала келип өзүн жаракат алган аялдын уулу катары тааныштырып, апасы менен кошо Тез жардам менен кетти”, — деп белгиленет маалыматта.

Окуя болгон жерге Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын оперативдик тергөө тобу келип 1967-жылкы шектүүнү алып кетишкен. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тез жардам кызматы Коммунаров көчөсүндө чакыруу болгонун тастыкташты. Бирок бригада учурда башка чакыруу боюнча жүргөндүктөн толук маалымат беришкен жок.

623
Белгилер:
бычак, кайнене, адам өлтүрүү
Тема боюнча
Ош: агасын өлтүрүүгө шектелген киши энесине бычак урду