Камакта жаткан Садыр Жапаровдун кан тамыры кесилип ооруканага түштү

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов
Депутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакындарынын айтымында, экс-депутаттын колдору гана эмес, кекиртеги дагы кесилген.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Эки айга №1 СИЗОго камакка алынган экс-депутат Садыр Жапаровдун колунун  кан тамырлары кесилген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Спецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: Жапаров кан тамырын өзү нандын бычагы менен кескен
Эске салсак, 25-мартта УКМК Садыр Жапаровду камакка алган. Экс-депутат Кылмыш жаза кодексинин 227,341, 113 жана 234-беренелери (Барымтага алуу, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү, өлтүрөм деп коркутуу, бейбаштык) боюнча күнөөлөнүүдө.

Биринчи май сотунун чечими менен аны №1 СИЗОго эки айга камакка алышкан.

Маалыматка караганда, учурда ал ден соолугуна байланыштуу №47 тергөө абагынын ооруканасына которулду.

"Ал ооруканага бүгүн эртең менен түштү. Колунун кан тамыры кесилиптир. Учурда медициналык жардам көрсөтүлдү. Азыр абалы канааттандыраарлык", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыйкырган кишилер, кубалаган милиция. Жапаровдун тарапташтарынын митинги - Sputnik Кыргызстан
Кыйкырган кишилер, кубалаган милиция. Жапаровдун тарапташтарынын митинги
Ал эми Жапаровдун жубайы Айгүл Асанбаеванын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтканына караганда анын колундагы тамырлары гана эмес, кекиртеги да кесилген.

"Эртең менен туугандарыбыз жолдошумду Тез жардам менен ооруканага алып кетиптир деп телефон чалышты. Кекиртеги жана колдору кесилгенин айтышты. Азыр туугандардын баары №47 колониянын жанына чогулду. Эки адвокат кирген, ошолорду күтүп атабыз", — деди Асанбаева.

Окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0