ШИИБ: Оштун тургуну Сирияда үч ай эмне кылып жүргөнүн айтып берди

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСитуация в сирийском городе Алеппо
Ситуация в сирийском городе Алеппо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияга барып келген жаран Россиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатып иштеп жүргөн. Анын жаңы тааныштары Сирияга баруу керектигин айтып, тынбай үндөп турушкан.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Сириядагы "Жебхат ан-Нусра" тобуна үч ай кызмат кылган Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалганын Ош ШИИБдин маалымат катчысы Замир Сыдыков аймактык кабарчыга билдирди.

Аталган жаран Россиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатып иштеп жүргөн. Кийин Сирияга кетүүгө жаңы тааныштары түрткү болгонун айтып берген. 

© Фото / Зульфия ТургуноваКармалган жаран
Террористы ИГ в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Кармалган жаран

"Оренбургда жүргөндө эки чечен бала менен тааныштым. Алар мага ислам дини тууралуу видео, сүрөттөрдү интернеттен жөнөтүп, Сирияда мусулмандарга жардам берүү керектигин көп айтышчу. Ал жакка барууга тынбай үндөп жатышты. Акыры барам деп чечтим. Билетти чечендер алып берди. Аэропорттон бир түрк киши тосуп алып чек арадан Сирияга өткөрүүгө жардам берди", — деп кармалган жаран билдирген.

Ал ошондой эле Куранды, ислам ибадаттарын, курал атууну жана мушташуу ыкмаларын эки айда үйрөнгөнүн айтып берген.

Стрельба у здания британского парламента - Sputnik Кыргызстан
Лондондогу теракт жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" өз мойнуна алды
"Машыгуулардан кийин мени "Ганибат" деген топко кошушту. Ал топтун негизги максаты бай адамдарды тоноп, командирлерге өткөрүп берүү болчу. Кийин мени дагы бир шеригим менен Түркияга жөнөтүштү. Ал жактан полиция кызматкерлеринин колуна түшүп калдым. Алар мени Кыргызстанга депортациялашты", — деп билдирген жаран.

Ал ошондой эле Сирияга 2015-жылдын февраль айынын башында кетип, апрелдин аягында келгенин айтып, өзү машыккан лагерде 10го жакын кыргызстандык болгонун кошумчалаган.

Белгилей кетсек, алгачкы иликтөө иштери аяктаган соң, кармалган жаран Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0