Кадамжайда жол кырсыкка кабылган аскерлердин абалы турукташып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадамжайда аскер унаасы кырсыкка кабылып, жол четиндеги турак үйдүн короосуна кирип кеткен. Кырсыктан 29 жоокер жабыркаган.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районунда жол кырсыгынан жабыркагандардын абалы турукташып калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 27-мартта Ош — Баткен жолунун 123-чакырымындагы Пүлгөн айылында болгон. Анда жоокерлер бара жаткан КамАЗ бир үйдү сүзүп, жарым-жартылай кирип кеткен.

"Учурда Кадамжай аймактык ооруканасында жети адам дарыланып жатат. Калган 22 аскер Ош гарнизондук госпиталына которулду. Аларга бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Аскерлердин бардыгынын абалы жакшырып, турукташып калды", — деди маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, буга чейин реанимация бөлүмүндө жаткан беш адам учурда жалпы палатага которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0