БИШКЕК, 5-апр. – Sputnik. Санкт-Петербургдагы жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун өздүгүн дайындалган ДНК экспертизасы ырастаганын РИА Новости тергөө комитетинин төрайымы Светлана Петренкого шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Анын айтымына караганда, жакынкы аралыкта сөөктү таануу процедурасы жүргүзүлөт. Ошондой эле тергөөчүлөр аны менен байланышта болгон адамдарды аныктоо иштерин жүргүзүшөт.
Мындан тышкары, терактыдан курман болгондордун бардыгынын өздүгү аныкталгандыгы айтылды.
“Каза болгон Мария Невнержицкаянын сөөгү таанылды. Ошондой эле Юлия Красикова менен Дмитрий Мазановдун сөөгүн таануу процесстери жүрдү”, — деди Петренко.
Эске салсак, 3-апрелде Санкт-Петербургда болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнүн Улуттук коопсуздук комитети ырастаган. Анын жакындары УКМКнын Ош облустук башкармалыгында сурак беришкени дагы маалым болгон. Бүгүн эртең менен шектүүнүн апасы Петербургдагы Пулково аэропортуна конгонун Россия ЖМКлары жазып чыгышты.Белгилей кетсек, терактынын айынан 14 киши каза таап, 49 адам ар түрдүү жаракаттарды алган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Талас облусунда коомдук тамактануучу жайдан газ баллон жарылып жаракат алган аял каза болду. Бул тууралуу Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 4-январь күнү Таластын Кара-Буура районундагы Кызыл-Адыр айылында "Шаурма City" коомдук тамактануучу жайында жарылуу болгон. Анын кесепетинен 11 адам жаракат алган, арасында жаш балдар дагы бар. Төртөө өтө оор абалда райондук ооруканага жаткырылган. Ар кимисинин күйүгү ар кандай деңгээлде болгон.
Реанимацияда жаткандардын экөө Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна которулган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте кишини унаасы менен сүзүп качып кетти деген аял кармалганын милициянын Кайгуул кызматынан билдиришти.
21-январда саат 17:00дөр чамасында Үмөталиев жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу унаа менен жөө тургунду сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден из жашырып кеткен. Окуянын кесепетинен 33 жаштагы киши ооруканага жаткырылган.
"Коопсуз шаардын" камералары аркылуу жол кырсыгына шектелип Lexus 470 унаасынын ээси — 1992-жылы төрөлгөн А. А. аттуу аял кармалды", — деп айтылат билдирмеде.
Шектүү Бишкек ШИИБдин тергөө кызматына жеткирилген.
Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.