Бишкекте балдар аянтчасынан машыгууга колдонулуучу граната табылды

CC BY-SA 2.0 / Andy Gasparini / GrenadeИздөө салынган Казакстандын жараны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберди
Издөө салынган Казакстандын жараны кармоо учурунда өзүн-өзү жардырып жиберди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция гранатанын балдар аянтчасына кантип ташталгандагын иликтеп баштады

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Айни менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги балдар аянтчасынан машыгууга колдонулуучу граната табылган. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

"Шектүү буюм туурасында 102 кызматына түшкөн маалыматтан кийин ал жерге ыкчам түрдө ИИМ менен УКМКнын кызматкерлери барган. Аймак курчоого алынып, саперлер гранатаны аянттан алып чыгышкан", — деп айтылат маалыматта.

Иш Биринчи Май райондук милициясы тарабынан каттоого алынган. Маалымат кызматы буга тиешеси бар тараптарды иликтөө жана аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0